Араванда 11,43 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Ош облусунун Араван районунда 11,43 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой, Араван райондук сотунун 2007-жылдагы чечими менен Юсупов айыл аймагынын Мончок-Тепе участогунда жайгашкан 11,43 га жер Р.Н. аттуу жарандын жеке менчиги деп мыйзамсыз табылган. Андан соң 2013-жылы ал бул жерди башка бир адамга (Н.Н.) белекке берген.

Райондук прокуратура тарабынан келтирилген апелляциялык сунушту кароонун жыйынтыгы менен райондук соттун жогоруда аталган чечими жокко чыгарылган, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле чот белекке тартуулоо келишими жокко чыгарылган.

Мамлекетке кайтарылган 11,43 гектар жер 117 млн. 360 миң сомго бааланат.

09:47, 09-10-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар