Үзүр Жузупбеков: Каталарымдын үстүнөн иштейм

Олимпиадада коло медал уткан кыргызстандык балбан Үзүр Жузупбеков журналисттердин суроолоруна жооп берип, Париждеги беттештери жөнүндө айтып берди.

“Кийинкиге кандай даярданабыз, аны үйгө барып агайлар менен сүйлөшөбүз. Менин катачылыгым чоң салмактарда каршылашыма тактикалык жактан утулуп калып жатам. Ушуларды оңдосом, кийинки Олимпиадада чемпион болобуз. Кечээ күрөшөрдө өзүмдү жаман сезип жаттым, туура эмес тамактанып алып жакпай калдыбы. Алсырап күрөшүп жаттым. Эртең менен америкалык менен алсырап күрөштүм. Түштөн кийин бир аз жакшы болуп калыптырмын”, - деди.

Жузупбеков спортчуларды мелдешке коштоп барган диетолог жана психолог жок экенин дагы айтты.

“Диетолог, психолог жок, балдар, машыктыруучулар өзүбүз болуп калганбыз. Ага дагы каражат керек. Башка мамлекеттердики бар, алардыкы күрөштө эле болбойт. Диета, психологиялык маанай баарыбыз намаз окугандыктан көбүбүздүкү жакшыраак. Анткени утсак дагы, утулсак дагы Кудайга шүгүр. Демек мындай кийинкисинде болот деп өзүнчө чечим чыгарып коебуз”, - деди Жузупбеков.

Париж Олимпиадасында кыргызстандык балбан Үзүр Жузупбеков коло медал утту. Ал 7-августта грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта 3-орун үчүн беттеште египеттик Мохамед Габрды 2:1 эсебинде жеңди.

Жузупбеков Париж Олимпиадасында жалпысынан төрт беттеш өткөрдү. Алгач 1/8 финалда литвалык Миндаугас Венцкайтисти 5:1 эсебинде утуп, чейрек финалда ирандык Мохаммадхади Саравиге 8:0 эсебинде жеңилип калган. Ирандык балбан жарым финалда египеттик Мохамед Габрды жеңип, финалга чыкканы үчүн Жузупбеков көңүл жубатуучу таймашка чыгууга мүмкүнчүлүк алды.

Көңүл жубатуучу бөлүктө балбан Үзүр Жузупбеков АКШ балбаны Жосеф Патрик Рауну 9:4 эсеби менен жеңип, коло байге үчүн таймашка чыккан.

28 жаштагы Үзүр Жузупбеков Азия чемпиону (2019-ж.). Азия чемпионатынын үч жолку коло байгесинин ээси (2016-ж., 2018-ж. 2022-ж.). Азия оюндарында 3-орунду ээлеген (2018-ж.). Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси. Олимп оюндарына экинчи жолу катышты. Ал Токио Олимпиадасында 10-орунду ээлеген. 

 

12:54, 08-08-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар