Өзүн Камчыбек Ташиевдин ишенимдүү адамы катары көрсөткөн жаран алдамчылыкка шектелип кармалды

Өзүн Камчыбек Ташиевдин ишенимдүү адамы катары көрсөткөн жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын Б.А.Э. аттуу тургуну мамлекеттик ипотека боюнча кезекти жылдырууну убада кылып, жарандардын акчасын алдап алганы аныкталган.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу фактыларга тиешеси бар-жогу аныкталып жатканы айтылды.

УКМК башка дагы жабыркагандар болсо (03722) 5-60-49, 0(556) 06-18-83 телефон номерлери аркылуу билдирүүгө чакырды.

11:57, 20-01-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар