Кыз-келиндер арасындагы мелдеш. Волейбол ойногон айымдар. (Видео)

2024-жылдын 2-ноябрында “Курама” спорт комплексинде Бишкек шаарынын волейбол федерациясынын турнири болуп өттү.

Жеңиш үчүн Бишкек шаарынын атынан 35 жаштан жогорку жана 50 жаштан жогорку кыз-келиндерден турган 16 команда ат салышты.

Уюштуруучулар белгилегендей, турнир волейбол боюнча кыз-келиндер курамасынын «Akniet» 10 жылдыгына карата уюштурулду. Бул команда 2014-жылы ышкыбоздор командасы катары түзүлүп, кийин профессионалдык статуска ээ болгон.

Бишкек шаарынын волейбол федерациясынын вице-президенти Таалайгүл Токтакунованын айтымында, турнирдин негизги максаты - каалаган жашта, 40 жаштан кийин да спорт менен машыгууга болорун көрсөтүү.

“Биз башка аялдарды 40 жылдан кийин үйдө отуруп, үй жумуштарын гана жасоо керек деген стереотиптерге ишенбөөгө чакырабыз. Мунун баары жөн гана стереотиптер. Биздин волейбол федерациясында 40 жаштан жогорку жана 50 жаштан жогорку аялдар ойношот. Алар спортко болгон укмуштуудай сүйүү жана мыкты натыйжаларга ээ. Бул аялдар ездерунун жаркын улгусу менен аялдардын волейболунун енугушуне эбегейсиз зор салым кошуп жатышат”, —, деп айтты Т. Токтакунова.

Турнирдин коноктору маданият ишмерлери, депутаттар, коомдук ишмерлер жана ишкерлер болушту, бул иш-чаранын коом үчүн маанисин жана кыз-келиндер спортун өнүктүрүүнү баса белгилейт.

Мындай турнир катышуучулар үчүн гана эмес, көптөгөн аялдар үчүн шыктануу жана мотивация булагы болуп, өзүн-өзү өркүндөтүүгө чек жок экенин далилдейт!

15:42, 05-11-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар