Судьялар кеңеши судья Мирзат Авазовду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди

Судьялар кеңеши 13-февралда Ленин райондук сотунун судьясы Мирзат Абдисатарович Авазовду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Авазов Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүмү (Жооптуу кызматты ээлеген кызмат адамынын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусу) жана 342-беренесинин 3-бөлүмү, 1 жана 2-пункттары (Өзгөчө ири өлчөмдө пара алуу) боюнча шектелүүдө.

Ошондой эле, Ленин райондук сотунун судьясы Мирзат Авазовду кызматынан убактылуу четтетүү боюнча президент Садыр Жапаровго сунуш киргизилди.

09:53, 17-02-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар