Ысык-Көл облусунда чагылган тийип 60 кой өлдү
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда чагылган тийип болжол менен 60 кой кырылып калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Кырсык 15-августта Тоң районунун Көлтөр айылынын Кичи-Анги жайлоосунда болгон. Окуя болгон жерден тартылган видеодо чагылган тийген малдын жарымы күйүп кеткени айтылат.
Быйыл 7-июлда да Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Саз айылындагы Жазы-Кечүү жайлоосунда чагылган түшүп, 250 баш кой өлгөн.