Ысык-Көлдө сел жүрдү
Ысык-Көлдө сел жүрдү.
Ысык-Көл районунун Бостери, Бактуу-Долоноту айылдарындагы бир нече көчөлөрдү жана Булан-Сөгөттү айылын сел суулары каптады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Куткаруучулар тарабынан Бактуу-Долоноту айылынан 1 үй-бүлө коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү.
Жеринде куткаруучулар иш алып барууда.