Камчыбек Ташиевге коркутуулар жазылган катты жөнөткөн адам кармалды. (Видео)
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге коркутуулар жазылган катты жөнөткөн адам кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.
УКМКнын маалыматы боюнча, кармалган жаран Ж.А.С. мурда эки жолу сотолгон, аскер учкучу адистиги боюнча билим алган. Кийин Афганистандын чек арасында чектелүү аскер контингенттин катарында кызмат өтөгөн. Ал жактан аскер тажрыйбасына ээ болуп, конспирациянын сырын үйрөнгөн. 1994-жылдан тарта Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөн.