Ала-Бука районунда айыл өкмөт башчы менен  депутат коррупцияга шектелип кармалды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун мурдагы айыл өкмөт башчысы менен жергиликтүү кеңештин депутаты коррупцияга шектелип кармалышты. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган райондун Балтагулов айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Н.Б. жергиликтүү кеңештин учурдагы депутаты С.Ж. менен сүйлөшүп алып, 2023-2024-жылдар аралыгында турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин берүү убадасы менен жергиликтүү тургундардан 100 миңден 300 миң сомго чейин акча алганы аныкталган.

Андан кийин Н.Б. жерди көрсөтпөй туруп тургундарга жер тилкелерин бөлүп берүү тууралуу 136 жасалма буйрук чыгарган. Жергиликтүү тургундарга келтирилген зыяндын суммасы алдын ала эсептөөлөр боюнча 10 млн. сомду түзөт.

Мындан тышкары мурдагы айыл өкмөтүнүн башчысы бизнестен 20% үлүш алууну макулдашып, аталган айылдык кеңешинин депутатына ресторан куруу үчүн 1 гектар жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп бергени аныкталган.

Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө жүрүп жатат.

17:23, 24-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар