Сот Көлбаевдин жан сакчыларына 50 миң сомдон айып пул салды

Кримтөюөл аталган, атайын операция маалында өлтүрүлгөн Камчыбек Көлбаевдин жан сакчылары – Б.А.С., Р.М.А., А.Р.Р., К.Р.С. жана Ш.Ш.Б. аттуу жарандарды сот Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренеси (“Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук”) боюнча күнөөлүү деп таап, ар бирине 50 миң сомдон айып пул салды. Бул тууралуу 20-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту билдирди.

Алар аталган берененин экинчи бөлүгү менен күнөөлүү деп табылган. Анын жазасы 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып пул же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу деп каралган.

Сот чечимди 2023-жылдын 27-декабрында кабыл алган.

 

16:00, 20-08-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар