Бишкек шаарында төрт каттамдын троллейбустары автобустарга алмаштырылды

Бишкек шаарында төрт каттамдын троллейбустары автобустарга алмаштырылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эми №4, 5, 8, 10 автобустар ушул номердеги троллейбус каттамы менен жүрөт.

"Троллейбус каттамдарын алмаштырууга жаңы автобус линиялары ишке кирет. Автобустар келген учурда №14 жана №17 троллейбус каттамдары калыбына келтирилет. Учурда троллейбустук автобазаларда электр кубаттоочу түзүлүштөр орнотулуп, капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Буга байланыштуу троллейбус кыймылы убактылуу токтотулду", — деп жазылган маалыматта.

Троллейбустардын ордуна эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап электробустар элди тейлей турганы кошумчаланды.

11:12, 25-11-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар