Бишкектин бир бөлүгүндө 11-мартта таза суу өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө 11-мартта таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Суу Анкара көчөсү – Горький көчөсү, Аламедин суусу, темир жол тилкеси жана Октябрь көчөлөрү менен чектелген аймакта саат 09:00дон 15:00го чейин жок болот.

Таза суу ХБО суу кампасындагы жана шаардагы түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкексууканал ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, сууну алдын ала камдап алууга чакырат.

17:47, 07-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар