Милиция Көк-Жардагы жолду тосуунун негизги уюштуруучусун аныктады
Милиция Көк-Жардагы жолду тосуунун негизги уюштуруучусун аныктады
Ички иштер министрлиги Көк-Жардагы сноско каршы чыгып, жолду тосууну уюштурган жаран аныкталганын билдирди. Милициянын маалыматына караганда ал жергиликтүү тургун 1962-жылы туулган И.Г. болуп чыккан.
«Ал «Көк-Жар» турак-жай массивиндеги жолду мыйзамсыз жабуунун негизги уюштуруучусу жана каржылоочусу болгон. Бул аракеттер анын жер тилкелери менен мыйзамсыз бүтүмдөрдү жасоого жана аларды трансформациялоого катыштыгын жашыруу максатында имараттарды мыйзамдуу түрдө бузууга тоскоолдуктарды жаратууга багытталгандыгы аныкталды. Тергөөнүн жүрүшүндө И.Г.нын жер тилкесин сатууга мыйзамсыз катыштыгы бар экендиги аныкталган. Жарандардан 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени тууралуу арыздар келип түштү», - деп билдирди ИИМ.