Пекин тил жана маданият университетинде Чыңгыз Айтматовдун бюсту орнотулду
Пекин тил жана маданият университетинде Чыңгыз Айтматовдун бюсту орнотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Аны ачуу салтанатына президент Садыр Жапаров катышып, университеттин Ардактуу конокторунун китебине жазуу калтырды.
Жапаров Чыңгыз Айтматовдун бюстунун орнотулушу Кыргызстан менен Кытайдын маданий байланыштарды бекемдөөгө умтулгандыгынын далили экенин белгиледи. Президент бул эмгек Айтматовдун идеяларын жана чыгармачылыгын изилдөөгө үндөп, жаш муундар үчүн илхам булагы болоруна ишеним артты.
"Ушул сыяктуу демилгелер жана долбоорлор — өз ара урматтоого, ишенимге жана илим, маданият менен билим берүүдөгү кызматташтыкты тереңдетүүгө умтулган бекем достугубуздун айкын далили. Пекин тил жана маданият университетинде эстеликтин ачылышы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого олуттуу салым кошуп, элдерибиздин достугунун бекем символу катары каларына ишенем", — деди мамлекет башчы.
Ошондой эле өлкө башчы Чыңгыз Айтматовдун бюстун жасаган айкелчилерге ыраазычылыгын билдирген.
Эскерте кетсек, президент Жапаров Кытайда мамлекеттик сапары менен жүрөт.