Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гүласыл Садырбаева дүйнө салды

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Гүласыл Садырбаева 72 жаш курагында дүйнө салды.

Ал Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Шайдан айылында туулган.

Гүласыл Садырбаева көп жылдар бою биология сабагынан мугалим болуп иштеп, 2010-жылы парламентке депутат болуп шайланат.

Ал маданий жана саясый ишмер Дооронбек Садырбаевдин карындашы.

Aldaba.kg редакциясынын жалпы жамааты  Гүласыл Садырбаеванын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

18:34, 28-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар