Бишкекте кыз кишини сабап, качып кеткен эргул кармалды
Бишкекте кыз кишини сабап, качып кеткен эргул кармалды. Милиция кызматкерлеринин айтымында ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү.
Ноябр айында шаар тургуну 5-кичи райондон бейтааныш адам сабап кеткенин айтып, кыз киши арыз менен кайрылган. Бул факты боюнча бейбаштык беренеси менен иш козголуп, издөө - иликтөө иштери жүргөн. Натыйжада 32 жаштагы жаран кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турарын милиция билдирди.