Сузактагы кайра шайлоодо Алтынбек Кылычбаев алдыга чыкты

Жогорку Кеңештеги бир мандаттуу №13 Сузак округу боюнча мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо 10 миң 174 добуш менен талапкер Алтынбек Кылычбаев алдыга чыкты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы маалыматка ылайык, Алтынбек Кылычбаев 10 174 (48.32%) добуш алды. Андан кийин Медербек Сапарбаев 3280 (15.58%), Жыргалбек Сейдахматов 2 493 (11.84%), Мелисбек Кошалиев 2 435 (11.56%), Асилбек Арапбаев 1 351 (6.42%), Юлия Лилиенталь 749 (3.56%), Бейшенбек Бегматов 212 (1.01%) добуш алышты.

Бул округда 81 шайлоо участогу ачылып, 124 429 шайлоочунун тизмеси такталган. Жалпы добуш берүүгө 21 миң 057 (16.92%) катышты.

Эң көп добуш алган 47 жаштагы Алтынбек Кылычбаев “Жалал-Абад” санаториясынын директорунун орун басары. 2011-2012-жылдары Эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде иштеген.

09:09, 23-09-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар