«Крыша издептир». Лаззат Нуркожоеванын жигитинин кармалышы боюнча Президенттин басма сөз катчысы комментарий берди

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов өлкө башчынын жакыны Лаззат Нуркожоеванын жигити кармалды деген маалымат боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун инисинин кызынын жигити укук коргоо органдары тарабынан кармалган.

Лаззат Нуркожоеванын жигити тууралуу маалымат учак менен “кыздын колун суроо” иш чарасынан кийин белгилүү болгон.

«Бул жигиттин башкы максаты өзүнүн мыйзамсыз иш аракеттерин жашыруу үчүн жогорку  бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табуу болгону ачыкталды деп божомолдоого толук негиз бар.  Баса белгилей кетсем, президент Садыр Жапаров ким болбосун мыйзамсыз иш аракеттерди жаап-жашырып, калкалоого албайт. Эми мурдагы жигиттин жана анын шериктеринин мыйзамсыз иш аракеттеринин чоо-жайы тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталат», — деп билдирди ал.

Кечээ социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лаззат Нургожоеванын жигити кармалганы тууралуу кептер тараган.

Афтандил Сабырбеков синтетикалык баңгизат сатууга шектелүүдө.

Ал жакында эле Нургожоеванын колун тик учак менен барып сураганы коомчулукта катуу талкууланган.

 

10:55, 10-07-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар