200 миң доллар пара менен кармалган губернатордун кеңешчиси эки айга камалды
200 миң доллар пара менен кармалган Президенттин Баткендеги өкүлүнүн кеңешчиси эки айга камалды
Чечимди Баткен облустук соту чыгарды. Маалыматка караганда ал Оштогу тергөө абагында кармалат.
Эскерте кетсек, УКМК президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси 200 миң АКШ долларын опузалаган деп кармаган. Ал көмүр казуучу ишкананын башкы директору А.Б.А. аттуу жарандан пара алып жаткан жеринен кармалган.