Ташиев коррупцияга аралашкан депутаттарды “тазалоо” иштери жүрүп жатканын айтты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңешти мыйзамсыз иштерге аралашкан депутаттардан “тазалоо” иштери жүрүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 17-апрелде Шамалды-Сай шаарында Чек ара кызматынын кызматкерлерине 67 батирлүү жаңы көп кабаттуу үйдүн ачкычтарын тапшыруу иш-чарасында айтты.

“Парламентке жалаң эле коррупционерлер жана алардын туугандары келбеши керек. Келгендерин “тазалап” атабыз. Мындан кийин да ушундай болот. Акыркы убакта парламенттен 5-6 депутат кетти. Алардын көбү мандатын өз ыктыяры менен тапшырды. Себеби, биз аларга өз ыктыяры менен кеткенге мажбур кылып мыйзамсыз иштерин көрсөтүп атабыз. Ал эми кетпегендерин же мыйзамды бузгандарды жоопко тартып атабыз. Мунун баары мыйзамдын чегинде жүргүзүлүп жатат”, - деди ал.

15-февралда Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал жарыяланган.

Бул материалдардан кийин, 22-февралда Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өздөрү жазган арыздын негизинде алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. 2021-жылы Райымбек Матраимов менен чогуу соттолуп, айып пул төлөгөн Абдыбахаб Боронбаев 14-февралда депутаттык мандатын тапшырган. Айбек Осмонов болсо 13-мартта өзү жазган арыздын негизинде мандатынан кол жууган.

 

10:11, 18-04-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар