Кош бойлуу келин таксиде көз жарды (Видео)
Чүй облусунун Токмок шаарында кош бойлуу келин таксиде көз жарды.
Окуя бүгүн, 5-февралда таңкы саат 4:40 чамасында болгон.
Таски айдоочусу өзү аймактык тез жардам кызматында эмгектенет. Бирок, ал жумушунан сырткары кечиндеси такси кызматында да иштейт.
Анын айтымында, 4:30 чамасында Токмок шаарындагы №3 кичи районунан чакыруу алган. Ал айтылган дарекке барган учурда жүргүнчүлөр дароо эле төрөтканага деп айтышкан. Алар Төрөткананы көздө жөнөгөн бирок, келиндин төрөтү жакындап калгандыктан жарым жолго жеткенде төрөгөн. Андан кийин төрөтканага алып барышкан.