Арслан Алайдын өлүмүнө айыпталган бир абак кызматкери каза болду

Арстан Алай деген ат менен белгилүү коомдук ишмер Арстанбек Абдылдаевдин өлүмү боюнча айыпталып жаткан №31 тергөө абагынын бир кызматкери тергөө учурунда каза болду. Бул тууралуу 18-июлда “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка караганда, шектүү үй камагында болгон. Арстан Алайдын өлүмү боюнча жалпы беш кызматкерге Кылмыш-жаза кодексинин “Шалаакылык” беренеси боюнча айып коюлуп, алардын иши Аламүдүн райондук сотунда каралууда.

Арстан Алай 5-январда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 дарылоо мекемесинде каза болгон. Жаза аткаруу кызматынын маалыматында, ал психотикалык дартына байланыштуу былтыр 28-декабрда Бишкектеги №1 тергөө абагынан №31 мекемеге этап менен которулган. 5-январда түзөтүү мекемесинин ашканасынан асылган абалда табылган.Арстан Алай деген ат менен белгилүү коомдук ишмер Арстанбек Абдылдаевдин өлүмү боюнча айыпталып жаткан №31 тергөө абагынын бир кызматкери тергөө учурунда каза болду. Бул тууралуу 18-июлда “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка караганда, шектүү үй камагында болгон. Арстан Алайдын өлүмү боюнча жалпы беш кызматкерге Кылмыш-жаза кодексинин “Шалаакылык” беренеси боюнча айып коюлуп, алардын иши Аламүдүн райондук сотунда каралууда.

Арстан Алай 5-январда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 дарылоо мекемесинде каза болгон. Жаза аткаруу кызматынын маалыматында, ал психотикалык дартына байланыштуу былтыр 28-декабрда Бишкектеги №1 тергөө абагынан №31 мекемеге этап менен которулган. 5-январда түзөтүү мекемесинин ашканасынан асылган абалда табылган.

10:34, 18-07-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар