Дрон менен түрмөгө баңгизат тараткан 20 жаштагы шектүү кармалды
Бишкек шаарында баңгизаттарды сактоо жана таратууга шектелип 20 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, кармалган шектүү А.у.К.нын жашаган жерин иттин жардамы менен тинтүү учурунда кескин жыты бар, кара күрөң түстөгү зат оролгон 2 даана баштык табылган. Алардын жалпы салмагы 3 кг 84 граммды түзгөн.
Мындан тышкары анын үйүнөн учкучсуз учуучу аппараттар (дрондор) табылган. Шектүү жаран аларды түрмөнүн аймагына баңгизаттарды жана башка мыйзамсыз буюмдарды ашыра ыргытууга колдонгондугу аныкталган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу боюнча, шектүүнүн үйүнөн алынган зат кара куурайдын «гашиш» чайыры экени белгилүү болгон. Кылмышка шектүү камакка алынган.