Кызматтык иш сапарлардын чыгымдары көбөйтүлөт
Кызматтык иш сапарлардын чыгымдары көбөйтүлөт
Кыргызстанда кызматтык иш сапарлардын чыгымдары көбөйтүлөт. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, эми өлкө аймагындагы суткалык чыгымдар 500 сомдун ордуна 1000 сомду, ал эми Бишкек шаары боюнча 1200 сомду түзөт.
Токтом 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.