Бишкек кайрадан абасы кир шаарлардын катарына кирди
Дүйнөдөгү абанын сапатын иликтеген IQAir сайтынын 13-декабрдагы индексинде Бишкек күндүз 192 көрсөткүч менен алдыңкы үч сапка кирген. Азыр абанын индекси 158ди көрсөтүүдө.
Саат 21:00дөгү маалымат боюнча Бишкек абасы ден соолукка кооптуу деп саналган шаарлардын тизмесинде 11-сапка илинди. Азыр 308 көрсөткүчү менен Индиянын баш калаасы Дели тизменин сап башына чыкты. Индекс улам алмашып турат.
Бишкекте жыл сайын күз-кышта, өзгөчө жылытуу мезгили учурунда аба өтө булганып, түтүн, ыш каптайт. Буга жер тамдарда көмүрдүн жагылышы, автомашиналардын түтүнү, Жылуулук электр борбору себеп экени айтылып келет.
Ал эми экологдор буга чейин абанын булганышы нормадан бир нече эсе ашып кеткенин айтып чыгышкан.