Лионель Месси сегизинчи жолу "Алтын топту" жеңип алды
Бул футбол тарыхындагы абсолюттук рекорд. "Алтын топ" жыл сайын дүйнөнүн эң мыкты футболчусуна ыйгарылат.
Мессиден кийин бул сыйлыкты беш жолу алган Криштиану Роналду экинчи орунда турат. Кройфф, Платини жана Ван Бастендин ар бири үчтөн "Алтын топтун" ээси.