"Ала-Арча" соода борбору: "Мишель" кафесинин мыйзамсыз иши коопсуздукка коркунуч жаратууда
"Ала-Арча" соода борбору "Мишель" кафеси боюнча Бишкек мэриясына жана прокуратурасына кайрылат. Бул кадам соода борбору менен "Мишель"кафесинин айланасында түзүлгөн олуттуу кырдаалга байланыштуу.
1. Келишимдеги милдеттенмелерди бузуу.
"Ала-Арча" соода борбору менен "Мишель" кафесинин ортосундагы ижара келишими жарым жыл мурда эле бузулган. Бирок кафе ээлери администрациянын талаптарын эске албай, соода борборунун аянтын мыйзамсыз ээлеп отурат. Келишимдин аяктаганына байланыштуу администрация тарабынан "Мишель" кафесинин кошумча айнек конструкциясы менен салынган бөлүгүн бузуу (демонтаждоо) пландаштырылган, бирок бул бөлүк азыркыга чейин бошотула элек. "Мишель" кафеси аны пайдаланууну улантууда. “Ала-Арча” соода борборунун кызматкерлеринин күчү менен аны демонтаждоо мүмкүн эмес. Айнек курулушу менен салынган бөлүк жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тротуарда жайгашкан. Бул биздин коноктордун жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын өтүүсүн кыйындатат жана биздин дарекке көптөгөн даттанууларды жаратат. Аталган жайды өз ыктыяры менен демонтаждоо тууралуу сунушту "Мишель" кафесинин жетекчилиги четке каккан. “Ала-Арча” соода борборунун администрациясы Бишкек шаарынын мэриясына 09.04.24-жылы мыйзамсыз тургузулган конструкцияны бузууга көмөк көрсөтүү үчүн кайрылган, бирок жооп алган эмес.
2. Өрт жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук талаптарын бузуу
"Мишель" кафеси өрткө каршы күрөшүү кызматынын талаптарын аткарбай жатат. 01.12.23-жылы жүргүзүлгөн текшерүүдө өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу өрткө каршы күрөшүү кызматы эреже бузуулар тууралуу акт түздү.
Ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык кызмат, 28.11.23-жылы мамлекеттик санэпидемкөзөмөлдүн текшерүүсү менен "Мишель" кафесинде, глобус гипермаркетинде да ичеги-карын инфекциясынан уулануу коркунучу бар олуттуу мыйзам бузууларды аныктап, 30.12.23-жылга чейинки мөөнөткө тартип бузууларды жоюу тапшырмасын берген. Бүгүнкү күнгө чейин “Мишель” кафесинде мыйзам бузуулар жоюла элек. Буга байланыштуу аталган кафеге карата Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган чаралар колдонулушу керек. Анткени бул жагдай "Ала-Арча" соода борборуна жана "Мишель"кафесине келгендердин коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратат.
3. Кысым көрсөтүү жана мыйзамдуу талаптарга баш ийбөө.
Соода борборунун администрациясынын маселени мыйзамдуу жол менен чечүү боюнча көптөгөн аракеттерине карабастан, "Мишель" кафесинин ээлери администрацияны кысымга алып, жеке байланыштарды колдонуп, коопсуздук талаптарын четке кагуу менен мыйзамдарды бузууну улантууда.
"Ала-Арча" соода борборунун администрациясы Бишкек шаарынын мэриясына жана прокуратурага жардам сурап кайрылган, бирок аталган органдар тарабынан эч кандай чара көрүлгөн эмес.
"Ала-Арча" соода борборунун жетекчилиги шаар мэриясынын жана прокуратуранын жетекчилигинин компетенттүүлүгүнө жана маселени түшүнүү менен мыйзам талаасында чечип беришине ишеним артат.
"Ала-Арча соода борборунда мыйзамдуулукту коргоо жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн тиешелүү чараларды көрүүнү суранабыз. Мыйзам ар бир адам үчүн милдеттүү жана ар бир жаран өз аракеттери үчүн жооп бериши керек", — деп белгилейт администрация.