К. Ташиев менен С. Ятимов кыргыз- тажик чек арасы боюнча келишимдерге кол коюшту

Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдерге кол коюшту

Бишкекте кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча документке эки өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов кол коюшту. УКМК төрагасы Ташиев  бул эки эл үчүн тарыхый учур экенин белгиледи.

«Биз кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу протоколго кол койдук»,

 - деген Ташиев. 

 Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы чек аранын узундугу 970 чакырымдан ашат. Буга чейин Бишкек менен Дүйшөмбү талаштуу аймактар ​​боюнча макулдашканы айтылган.

20:26, 21-02-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар