Былтыр канча кыргызстандык кургак учук менен ооруп, канчасы көз жумганы айтылды

Балдар арасындагы кургак учуктун күчөгөнүнө, эмдөөдөн өтпөй калуу болууда. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Улуттук фтизиатрия борборунун балдар бөлүмүнүн башчысы Айсалкын Тешебаева билдирди.

Дарыгердин айтымында, өлкөдө кургак учук боюнча абал туруктуу. Мурдагыга салыштырмалуу бул дарт менен ооругандардын саны азайды.

“Бирок, кургак учукка каршы эмдөөдөн өтпөгөн балдар арасында мээде, сөөк муундун өтүшүп кеткен кургак учук дарты күчөп жатат”,-деди ал.

Ал белгилегендей, убакыттын өтүшү менен балдарын эмдетпеген ата-энелердин саны жылдан-жылга өсүүдө.

“Азыркы жаш ата-энелер интернеттен туура эмес маалыматтарды окуп алышып, балдарын эмдетүүдөн баш тартып жатышат. Бул туура эмес. Ата-эне сөзсүз түрдө дарыгер менен кеңешиши керек. Кургак учуктун ачык формасы аба аркылуу жуккандыктан өзүнүн жана айланасындагы адамдардын саламаттыгы үчүн балдарды эмдөөдөн милдетүү түрдө өткөрүү керек. Эгерде бала эмделсе, кургак учук менен оорушу мүмкүн, бирок кургак учуктун күчтүү түрүнө өтүп кетпейт”,-деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн 24-март кургак учук дартына каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул күн Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун чечимине ылайык жыл сайын белгиленип келет.

1882-жылы 24-март күнү мартта белгилүү немис микробиологу Роберт Кох кургак учук дартын тапкан. Кургак учук азыркы учурга чейин эң коркунучтуу оорулардын бири. Бул оору дүйнө жүзүндөгү саламаттыкты сактоо тармагында дагы деле болсо олуттуу көйгөй болуп сакталып калууда.

13:47, 24-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар