Эр-Рияд: Орусия менен АКШ делегацияларынын сүйлөшүүсү башталды
Эр-Риядда Россия менен АКШнын делегацияларынын сүйлөшүүсү башталды. Жолугушуу падышалык үй-бүлөнүн сарайларынын биринде — Альбасатин комплексиндеги Дирияда өтүп жатат.
Бир күн мурда Эр-Риядга Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен президенттин жардамчысы Юрий Ушаков келген.
Экинчи тараптан АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио, АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолц жана АКШ президентинин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Уиткофф келди.