Кыргызстандын быйылкы жылдагы ички дүң өндүрүмүнүн көлөмү 1,5 трлн сомду түзөт

Кыргызстандын быйылкы жылдагы ички дүң өндүрүмүнүн көлөмү 1,5 трлн сомду түзөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтты.

Ал экономиканы өнүктүрүүгө арналган эл аралык илимий-практикалык конференцияда Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолду.

Макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча өлкөнүн ИДПсынын өсүү темпи 8,7%ды түздү, ал эми Кумтөрдү эсепке албаганда 10,6%ды түздү, 2023-жылы ИДПнын номиналдык көлөмү 1,2 триллиондон сомдон ашса, быйыл 1,5 трлн. сомду түздү. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу башталды. Бул Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүү долбоор. Өлкөнүн материалдык-техникалык базасы жаңыланды. Акыркы 3 жылдын ичинде биз 2 миң чакырым жол курдук, өлкөнүн өнөр жай тармагы жанданууда , — дейт өкмөт башчы.

Расмий маалымат боюнча 2023-жылы ИДӨ 1,2 триллион сомдон ашкан. Бул көрсөткүч 2022-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 6,2 пайызга көбөйгөн.

18:06, 26-09-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар