Бүгүн Бишкекте айрым көчөлөр жабылат
Бүгүн Бишкекте айрым көчөлөр жабылат
Коргоо министрлиги Улуу Ата Мекендик согуштун парады үчүн техникаларды борборго ташып жатат.
Буга байланыштуу саат 20:00дөн баштап төмөнкү көчөлөр убактылуу жабылат:
🔹Төмөнкү Нооруз айылынан Жибек Жолу проспектиси менен Шопоков көчөсүнө чейинки тилке;
🔹Шопоков жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилиши - Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
🔹Параддан кийин техникалар Чүй жана Дэн Сяопин проспектилери менен, андан соң Лумумба көчөсү менен борбордун түндүк тарабына чейин барат.
Маалым болгондой, Коргоо министрлиги 8-майда Ала-Тоо аянтында өтө турган Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик парадга даярдык көрүүдө. Парадга 3 миңдей адам жана 120дан ашык аскердик жана атайын техника катышат.Министрлик тургундарды окуяга түшүнүү менен мамиле кылууга жана колонналардын кыймылына тоскоолдук кылбоого чакырат.