Кыргыз- тажик чек арасында күчү 5 баллга  жеткен жер титирөө катталды

Кыргыз-тажик чек арасында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 6-майда саат 14:08де  кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Жер титирөөнүн очогу Заалай тоо кыркаларында, Бор-Дөбө айылынан 23 чакырым түштүк-чыгышта, Кара-Киндик айылынан 38 чакырым түштүктө, Нура айылынан 48 чакырым түштүк-батышты карай, Ош шаарынан 142 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан.

Жер титирөө Бор-Дөбө айылында 4 баллга, Кара-Киндик жана Нура айылдарында 3,5 баллга жакын сезилген.

18:23, 06-05-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар