Бала бакчаларда балдардын тамактануусун уюштуруу ата-энелердин эсебинен ишке ашырылат

Кыргызстанда бала бакчаларда балдардын тамактануусун уюштуруу ата-энелердин эсебинен ишке ашырылат. Маалыматты Финансы министрлигинен тастыкташты.

"Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Буга чейин социалдык тармактарда бала бакчалардагы тамак-аш үчүн эми ата-энелер төлөй турганы жөнүндө маалыматтар тараган.

13:18, 01-11-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар