"Нарын" аба майданында капиталдык ремонт бүтүп, ачууга даярдалууда

"Нарын" аба майданында капиталдык ремонт бүтүп, ачууга даярдалууда. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, жумушчу комиссия инфраструктуралык объектилерди, учуп-конуу тилкесин, жабдууларды жана коопсуздукту камсыздоо системаларын көрүп чыккан.

"Манас" аэропортунун директору Манасбек Самидинов аэропортту ачуу аймактын аба-транспорттук түйүнүн жандандырып, туризмди, сооданы жана экономиканы өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной турганын айткан.

Аймактагы аба майдан жакында расмий ачылат.

10:58, 27-09-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар