Жол эрежесин бузуу боюнча токтомдорду электрондук форматта таратуу пландалууда
Жол эрежесин бузуу боюнча токтомдорду электрондук форматта таратуу пландалууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун ИИМ демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды.
Маалыматка ылайык, бул чара "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында каралып жатат.
"Учурда токтомдор жарандардын же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн колуна жеке тапшырылышы керек. Бирок бул ыкма көйгөй жаратып, чыгымга учуратууда. 2024-жылга чейин беш жылда токтомдорду басып чыгарууга, конвертациялоого жана жеткирүүгө 95,8 миллион сом сарпталган. Ошондуктан токтомдорду электрондук почта, мамлекеттик портал, мобилдик тиркеме жана СМС аркылуу жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн киргизүү зарыл", — деп айтылат мыйзам долбоорунун негиздемесинде.
Ошондой эле онлайн-режимде билдирүүнү ачпаса же байланыш жеткиликсиз болсо, ал тапшырылбаган болуп эсептелип, документ кат аркылуу жөнөтүлөрү кошумчаланган.