Ноокатта окуучу кыз классташынын мурдун сындырган. Окуя боюнча билим берүү бөлүмү үн катты

Ноокатта окуучу кыз классташынын мурдун сындырган. Бул тууралуу Ноокат райондук билим берүү бөлүмү тараткан маалыматта айтылган.

Ага ылайык, 19-февралда 10-класстын окуучусу сабалган.

"Кызматтык териштирүү жүрүп, жыйынтыгы менен тиешелүү мугалимдерге эскертүү, мектептин директоруна, окуу бөлүм башчысына, тарбиялык иштер боюнча директордун орун басарына сөгүш берилди", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин соцтармакта Ноокат районунун "Көк-Жар" инновациялык билим берүү комплексинде 10-класста окуган кыздын энесинин кайрылуусу тараган. Ал кызын классташы кемсинтип, мугалим сабак учурунда класстан чыгып кеткен маалда ур-токмокко алып, мурдун сындырганын айткан.

Учурда бул боюнча укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

14:40, 20-02-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар