Бийликти күч менен басып алууну көздөгөн адамдардын тобу кармалды

Калайман башаламандык уюшутуруп, бийликти күч менен басып алууну көздөгөн адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин маалыматы боюнча, аталган топтун катарында башкы прокурордун мурдагы орун басары, чет өлкөдөгү согушка катышып келген теги кыргызстандык чет элдиктер жана өлкө жарандары болгон.

Алар Бишкектин чет жакасында спорттук оюндарды жана башка мелдештерди өткөрүп, ал жактан Конституцияга каршы чакырыктарды таштап, олку-солку абал жаратып, 17-ноябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн күнү бийликти басып алууну пландаган.

09:27, 13-11-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар