Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министрин камакка алууга ордер берди
Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен мурдагы коргоо министри Йоав Галлантты камакка алуу үчүн ордер бергенин эл аралык басылмалар жазууда.
Алар аскердик кылмыштарга айыпталууда.
Премьердин кеңсеси мындай чечим Израилди изоляцияда калтырып, еврей мамлекетине каршы “террордук чабуулдарга” шарт түзүп берерин билдирди.
Ал эми Палестина болсо муну эл аралык укукка болгон үмүт менен ишенимдин кайрадан пайда болушунан кабар берет деп эсептей турганын жазды.