Садыр Жапаров Акжол Махмудовго тууну тапшырды

Садыр Жапаров Олимпиадага катыша турчу Кыргызстандын курама командасынын капитаны Акжол Махмудовго тууну тапшырды

Президент жайкы Олимпиадага жолдомо алган спортчулар менен жолугуп, спортчулардан алтын күтөрүн, аларга ишенерин айткан.

“2021-жылы сиздер менен жолукканда жалпы максатыбыз 2024-жылдагы Париж Олимпиадасында биринчи орундарды камсыз кылуу, алтын медаль жеңүү деп айттым эле. Бул менин эле сөзүм эмес, элдин дагы суроо-талабы, үмүт-тилеги болгон. Мына ошол үмүт-тилектерди актоого мезгил келди деп ойлойм. Эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхындагы биринчи алтын медалын жеңип, көз карандысыз Кыргызстандын 33 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата белек кыласыңар деп бекем ишенем", — деген Жапаров.

Олимпиадага Кыргызстандан 16 спортчу барат. Спорттук иш-чара 24-июлда башталат.

08:09, 22-07-2024

Комментарийлер

Макамбай9
Кыргыз эли деп үмүт кылат деп туура айткан . Кудайым колдоп баарыңар алтын медал алып келгиле . Кыргыз элин дүйнө жүзүндөгү бардык элдерге тааныткыла .

Башка жаңылыктар