Чүйдө 38 жаштагы жаран алдамчылыкка шектелип кармалды
Чүй облусунун Жайыл районунда 38 жаштагы жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын 5-ноябрында Жайыл райондук милициясына 45 жаштагы жаран кайрылып, А.Н. аттуу жаран андан баасы 257 миң сом турган курулуш материалдарын алып, акчасын бербей кеткенин билдирген. Жарандын айтымында, ал акчаны «унутуп» калганын, кийинчерээк алып келип берерин айтып, андан кийин материалдарды башка адамдарга сатып, из жашырып кеткен.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Издөөнүн жыйынтыгында, алдамчылыкка шектүү катары 38 жаштагы А.Н. аттуу жаран кармалып, камалган. Учурда тергөө жүрүп жатат.