Бокс боюнча улуттук курама команда Эл аралык мелдеште 3 медаль жеңди

Кыргыз Республикасынын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ла-Нусия шаарында (Испания) өткөн “Boxam”  Эл аралык мелдешинде 3 медаль (1 алтын, 1 күмүш, 1 коло) жеңди.

60 кг чейинки салмакта Мунарбек Сейитбек уулу алтын медалга ээ болсо, 86 кг чейинки салмак категориясында Өмүрбек Бекжигит уулу күмүш медаль тагынды. Ал эми 80 кг чейинки салмакта Сагын Сатыбалды уулу коло медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, 30-январь күнү башталган “Boxam”  Эл аралык мелдеши 3-февралда жыйынтыкталды. Курама команда улук машыктыруучу Улан Сагынбаев жана башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышты. 

09:46, 05-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар