Электр чыгырыктары жана скутер кырсыктарынан быйыл 157 адам жаракат алды

2025-жылы электр чыгырыктары жана скутер кырсыктары көбөйдү. 2024-жылы мобилдик унаалардан 30 адам жабыркаган болсо, быйылкы жыл башынан бери эле 157 адам электр чыгырыктарынын жана скутерлердин айынан кырсыктап, жаракат алышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) Жол-кайгуул кызматынын инспектору Айзада Батыралиева "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди.

Анын сөзүнө караганда, күн ысып, мобилдик унаалар кайра көчөлөргө чыкканына аз эле убакыт өтсө да алардын катышы менен кырсыктар көбөйүүдө.

Айзада Батыралиева электр чыгырыктарын, мопед, скутер жана башка мобилдик унаа айдоочулары үчүн эрежелерди катаалдатуу багытында мыйзам долбоору даярдалып жатканын кошумчалады. Учурда, анын айтымында, электр чыгырыктарын ижарага берген ишкерлер анын жогорку ылдамдыгын саатына 25 чакырымдан ашпай тургандай кылып, чектөөдө.

"Мобилдик унаалар алар үчүн атайын тилкелер жок болсо чоң жолдун же жөө адамдар жүрүүчү жолдун оң жак чекеси менен гана жүрүшү керек. Жолдон өткөн учурда жерге түшүп, жетелеп өтүүгө тийиш. Жети жашка чейинки балдарга чоң адамдардын коштоосуз мобилдик унаа пайдаланууга тыюу салынат", - деди Айзада Батыралиева.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 8-апрелде электросамокат, гироскутер жана башка мобилдик унааларды пайдаланууну тескеген токтомго кол койгон. Ага ылайык, электросамокат жана башка мобилдик унааларды ижарага берген жана алган тараптарга бир катар талаптар коюлат – ылдамдыгы саатына 25 чакырымдан ашпоого, атайын каттоодон өткөрүлүп, номер тагылып, чырак, арткы стоп-чырак, алдыңкы, каптал жарык чагылдыргычтар менен жабдылууга тийиш.

 

17:21, 11-04-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар