Айсулуу Тыныбекова Олимпиададагы алгачкы беттешин 9-августта өткөрөт

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын Париждеги Олимпиада оюндарындагы биринчи атаандашы белгилүү болду.

Ал эртең, 9-августта таймашка чыгат, 62 кг салмакта күрөшөт.

Чүчү кулактын жыйынтыгы менен Тыныбекова биринчи кармашында нигериялык Эстер Колаволе менен күрөшө турган болду.

Беттештер саат 15:00до башталат.

08:11, 09-08-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар