Таласта токойдон өрт чыгып, тилсиз жоону өчүрүүгө ыкчам аракеттер көрүлүүдө
Таласта токойдон өрт чыгып, тилсиз жоону өчүрүүгө ыкчам аракеттер көрүлүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылында бүгүн, 18-мартта токойдо өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 12:52де Талас шаардык №17 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, кошумча саат 14:03тө Бакай-Ата райондук №93 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, жалпы 2 эки күжүрмөн эсеп тартылган.
Кошумча маалымат берилет.