Министр: Орто-Токой ГЭСин куруу иштери башталат
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Орто-Токой ГЭСин курулушун баштоого болгон даярдык иштери менен таанышты.
Буга чейин Орто-Токой суу сактагычында ГЭС куруу боюнча «Чакан ГЭС» ишканасына тапшырма берилген. Ага ылайык, 2023-жылы март айында «Чакан ГЭС» ААКы менен Кытайдын мамлекеттик СНМС (China National Heavy Machinery Corporation) компаниясынын ортосунда келишимге кол коюлган.
ГЭСти олук куруу мөөнөтү 3 жылды түзөт, жалпы кубаттулугу 21 МВт болот.
Энергетика министри негизги куруу иштерин бир жума аралыгында баштоону тапшырды.