Мэрия Ататүрк паркындагы курулуштар боюнча комментарий берди
Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы “шаардагы Мустафа Кемал Ататүрк сейил багынын аймагындагы объектилер сүрдүрүлбөйт” деген маалыматтарга комментарий берди.
Мэриянын маалыматы боюнча, мэр Айбек Жунушалиев Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жыл, 25-июндагы № 225 “СССРдин 50 жылдыгы “сейил багынын аймактарын сейил бактардын жана эс алуу зоналарынын шаардык бирикмесине утурумдук күтүү жана көрктөндүрүү үчүн пайдаланууга берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген, Мустафа Кемал Ататүрк атындагы аянты 107 гектарды түзгөн сейил бактын чек араларын бекитүү боюнча токтомго кол койгон.
Ал токтомго ылайык, мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер паркка кайтарылышы керек. Мэрия парктын аймагында мыйзамсыз курулган кыймылсыз мүлктү тазалоо маселесинде муниципалитет Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде гана иш алып барарын билдирди. Шаар бийлиги паркка курулган турак жайлар сүрдүрүлөбү же жокпу, так маалымат берген жок.