Унаанын айнегин караңгылатууга уруксат берүүдөн бюджетке былтыр 650,1 млн сом түштү

Кыргызстанда 2024-жылы унаанын каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүүдөн өлкө бюджетине 650,1 млн сом түштү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

2023-жылга салыштырмалуу акча 225,8 млн сомго көп чогулган. Мурдагы жылы 424,3 млн сом жыйналган.

Ошондой эле унааларды каттоо жана кайра каттоо боюнча жыйымдар 3 млрд 159,5 млн сомду түзгөн. План 257,7 млн сомго ашыгы менен аткарылган.

15:32, 11-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар