Кыргызстанда акыркы суткада 11 өрт кырсыгы катталды
Кыргызстанда акыркы суткада 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Анын ичинен:
- Бишкек шаарында – 2;
- Ош шаарында – 1;
- Ош облусунда – 3;
- Чүй облусунда – 1;
- Жалал-Абад облусунда – 2;
- Нарын облусунда – 1;
- Баткен облусунда – 1.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 13 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болду.