Ташиевдин уулу Эмир-Хан Кыдыршаев футбол боюнча Словакия чемпионатында карьерасын улантат
Камчыбек Ташиевдин уулу Эмир-Хан Кыдыршаев футбол боюнча Словакия чемпионатында карьерасын улантат.
Словакиянын жогорку лигасында ойной турган “Тренчин” клубу Кыргызстандын (U-20) жаштар курама командасынын капитаны жана коргоочусу Кыдыршаевдин трансфери тууралуу билдирди.
19 жаштагы оюнчу менен клуб бир жарым жылдык келишимге кол койду.
Буга чейин Кыдыршаев “Барселона”, “Леванте” жана “Перуджа”клубдарынын жаштар командаларында ойногон. Анын акыркы клубу Испаниянын Sant Cugat FC болгон.
Учурда Кыдыршаев Кыргызстандын U-20 курама командасынын курамында Азия Кубогунун финалдык этабына даярдануу үчүн Испанияда жүрөт.
“Тренчин” клубу Словакия чемпионатында 12 команданын ичинен 11-орунда турат. Клуб 18-январда Типспорт Кубогунда, 4-февралда Словакия Кубогунда жана 9-февралда Словакия чемпионатында оюн өткөрөт.